Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХХI чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 2
Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 6 айда аткарылышы жөнүндө
Учкун айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Ж.Бектуровдун жана экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Абдырасулованын ,башкы эсепчи К.Султанованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1. Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 6 айда аткарылышы жана киреше,чыгаша бөлүктөрү боюнча айыл өкмөтүнүн жана экономика бөлүмүнүн отчету “канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго тапшырылсын.
Төрага | К. Тостоков |