Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 16-майы №8
“Көк-Арт айыл аймагындагы жерлерди инвентаризация жүргүзүү үчүн комиссия курамын бекитүү жөнүндө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы,
Көк-Арт айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерин, муниципалдык жерлерди, өздөштүрүүгө алган жерлерди инвентаризация жүргүзүү жана мыйзамсыз алынып, токтомдору жокко чыгарылган мүлктөр жана жерлерди айыл өкмөтүн муниципалдык менчигине алуу боюнча комиссия курамын бекитип берүү жөнүндөгү Көк-Арт айыл өкмөтүнун башчысы О.Анаркуловдун кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” ПЖ № 370 Жарлыгын негизинде Кара-Алма, Курманбек Көк-Арт айыл өкмөттөрү бириктирилип, түзулгөн Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди тактоо үчүн комиссия курамы бекитилсин;
2. Көк-Арт айыл аймагында мамлекеттик фондунун жерлеринине инвентризация жүргүзүү үчүн комиссия курамы төмөндөгүдөй курамда бекитилсин;
- Малашев Кубанычбек – комиссиянын төрагасы.
- Молошев Суйунбек- мүчө.
- Сыдыков Толкунбек- мүчө.
- Мааматов Дастан- мүчө.
- Акматов Нурпейиз - мүчө.
- Назаңов Алмаз - мүчө.
- Абдукеримов Медербек – мүчө.
- Сузак райондук шаар куруу жана архитектура
башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу жолу менен) -мүчө.
- Жалал-Абад облустук жерге жайгаштыруу
Экспедициясы мекемесинин өкүлу (макулдашуу менен) -мүчө.
3. Көк-Арт айыл аймагынын муниципалдык жерлерди жана өздөштүрүүгө алынган жерлерди тактоо үчүн төмөнкүдөй комиссия курамы бекитилсин;
- Молошев Суйунбек - комиссиянын төрагасы.
- Малашев Кубанычбек - мүчө.
- Торогелдиев Доолотбек – мүчө.
- Исмаилов Кубанычбек - мүчө.
- Назаңов Алмаз - мүчө.
- Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу менен). - мүчө
- Айыл башчылар.(тийиштүү айылдар боюнча) – мүчө.
4. Комиссия курамы менен иш алып баруу Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловго милдеттендирилсин.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага : | А.А. Энназаров |