Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 27-апрели № 29

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө сунуштоо жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 25.04.2023-жылдын №01-19/276 чыгыш сандуу Алибаева Бактыгүлгө үй-там салып берүү үчүн жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 25.04.2023-жылдын №01-19/276 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кайың-Суу айылынын тургуну Алибаева Бактыгүлдүн үй-бүлөлүк шартын эске алып, жардам берүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө сунушталсын.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.

 

Төрага

М.Ш. Аликеев