Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХХI чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 5
Учкун айыл аймагындагы “Тангабийке-Бердике”,”Раушан”, “Жылан-Арык -Алтын” бала бакчаларына кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Учкун айыл аймагындагы “Тангабийке-Бердике”,”Раушан”, “Жылан-Арык -Алтын” бала бакчаларына кошумча тайпа ачуу боюнча Т.Токсобаеванын,Т.Мамырбаеванын жана С.Абдиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1. Учкун айыл аймагындагы “Тангабийке-Бердике”,”Раушан”, “Жылан-Арык -Алтын” бала бакчаларына кезекте турган наристелердин муктаждыгын эске алып, кошумча 2(эки )тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго тапшырылсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Тостоков |