Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 31
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө сунуштоо жөнүндө
Каныш-Кыя айылынын тургуну Бексариев Айбектин 17.04.2023-жылдагы Каныш-Кыя айылына өзүнүн жеке менчик унаа оңдоочу жай куруу үчүн сметада көрсөтүлгөн курулуш материалдарын алып берүү боюнча жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылынын тургуну Бексариев Айбектин 17.04.2023-жылдагы кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын тургуну Бексариев Айбектин 17.04.2023-жылдагы Каныш-Кыя айылына өзүнүн жеке менчик унаа оңдоочу жай куруу үчүн сметада көрсөтүлгөн 257 000 ( эки жүз элүү жети миң ) сом курулуш материалдарын алып берүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
Төрага | М.Ш. Аликеев |