КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 32
Эшназаров Махамадали Адылбековичге келишимдин негизинде акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Чаткал райондук администрациясынын www.chatkal.kg маалымат сайтынын директору Эшназаров Махамадали Адылбековичке келишимдин негизинде акча каражатын которуп берүү жөнүндө Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:
1. Чаткал райондук администрациясынын www.chatkal.kg маалымат сайтынын директору Эшназаров Махамадали Адылбекович жана Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы М.Ш.Аликеев менен биргеликте түзүлгөн келишим эске алынсын.
2. Чаткал райондук администрациясынын www.chatkal.kg маалымат сайтынын директору Эшназаров Махамадали Адылбековичке 03.05.2023-жылда Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы М.Ш.Аликеев менен биргеликте түзүлгөн келишимдин негизинде 1 (бир) жылга 50 000 (элүү миң) сом акча каражатын активдер жана милдеттемелер беренесинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
Төрага | М.Ш. Аликеев |