КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 33
Сатиева Айнуранын үй тамынын чатырчасын оңдоп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 06.04.2023-жылдын №01-19/252 чыгыш сандуу Сатиева Айнуранын үй тамынын чатыры быйылкы оор жааган кардан улам түшүп калгандыгынан жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 25.04.2023-жылдын №01-19/252 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Капчыгай айылынын тургуну Сатиева Айнуранын үй тамынын чатырчасын оңдоп берүү үчүн Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынан 40 000 (кырк миң ) сом бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
Төрага | М.Ш. Аликеев |