Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХХI чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 6
Жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоого карата Нарын районунун Учкун айылдык кеӊешинде шайлоо округдарын түзүү жана мандаттардын санын бекитүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына сунуш берүү
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесине жана 59-1 беренесине, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 23-беренесине ылайык Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1. Учкун айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча төмөндөгүдөй көп мандаттуу болгондуктан 3 округ калкынын саны 8040,мандаттын саны 21,анын ичинен аялдар үчүн резерв 8 болуп шайлоо округдары түзүлсүн:
№1 Куланак шайлоо округу (УШК №4051), мандаттын саны 9. Анын ичинен 3 мандат аялдар үчүн резерв
Дареги: Куланак айылы Касымаалы ажы көчөсү №73а
Борбору: А.Аралбаев атындагы орто мектеби
Чек арасы: Куланак айылы, Касымаалы ажы,Токтогазиев Кемел,Таштанбек,Жумабай уулу Калмак,Совет,Давлетов Барктабас,Макый Ата ,Сыдыкмамыт –Ата,Сокеев Шүкүрбек,Ичке,Талгатбек Жусупов,Сарыгул Ата,Бак-Терек ,Жылуу-Суу,Чой-Жап өрөөнү жана Маликов Мирлан көчөлөрү кирет.
Шайлоочулардын саны: 2034
№2 Учкун шайлоо округу (УШК №4052) мандаттын саны 8. Анын ичинен 3 мандат аялдар үчүн резерв
Дареги: Учкун айылы, Ысмайыл молдо көч.№5
Борбору: Э.Токсобаев орто мектеби
Чек арасы: Учкун айылы,Туту ата , Саякбаев Бектурсун,Карымшаков Асанбай,Шадыбаев Аманкул,Абдылдаева Расия,Мүдүнов Асанаалы,Садыбакас,Жантелиев Акун,Орозобеков Адам ата,Шыгаев Дайракун,Калыков Токтакун Такенбаев Токтосейит ,Токтосунов Рахмат,Мукул Абылов,Мадылканов Шамшибек,Шүгүралиев Садык,Казы,Абдыгулова Гүлжамал,Исмаил Молдо,Мамаев Дүйшөнаалы көчөлөрү кирет.
Шайлоочулардын саны: 1889.
№3 Сары-Ой шайлоо округу (УШК №4057), мандаттын саны 4 Анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв
Дареги: Сары-Ой айылы, А.Шамыкеев көч. №9а
Борбору: Ж.Сарыков атындагы айылдык клубу
Чек арасы: Сары-Ой айылы, Кошалиев Керим,Омуралиев Абакир көчөлөрү,Жылан-Арык айылы: Жылан-Арык,Алмаз Шамыкеев,Кайкалак,Карачалов Жүдөмүш,Орто-Сырт,Садыбакас уулу Медет көчөлөрү кирет
Шайлоочулардын саны: 844
2. Учкун айыл аймагындагы шайлоо округдарында өзгөрүүлөр же толуктоолор болсо Нарын аймактык шайлоо комиссиясы менен биргеликте такталып,өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин.
3.Бул токтом Нарын аймактык шайлоо комиссиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Төрага | К. Тостоков |