ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезектеги XXΙΙ (жыйырма экинчи) сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры №156/XXII-28
“Алмалуу айылындагы Түлөбердиев көчөсүн асфальт басуу жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө
Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары “Алмалуу айылындагы Түлөбердиев көчөсүн асфальт басуу жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө” маселесин карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Алмалуу айылындагы Түлөбердиев көчөсүн асфальт басуу жөнүндө” долбооруна макулдук берилсин жана 1,5 млн.сом өздүк салым катары 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен каралсын.
2. “Алмалуу айылындагы Түлөбердиев көчөсүн асфальт басуу жөнүндө” долбоору тийиштүү фондтторго мөөнөтүнөн кечикпестен тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |