ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезектеги XXΙΙ (жыйырма экинчи) сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры №161/XXII-28
Карагай-Булак айылындагы А.Сулайманов орто мектебинин 150 орундуу имаратын курууга 2024-жылдын Республикалык бюджетинин капиталдык салымдар тизмесине киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
2024-жылы Республикалык бюджеттин эсебинен курула турган объектилердин тизмесине Ысык-Ата айыл аймагындагы жасала турган, салына турган объектилерди киргизүүнү сунуштоо боюнча Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун “Карагай-Булак айылындагы А.Сулайманов орто мектебинин 150 орундуу имаратын курууга 2024-жылдын Республикалык бюджетинин капиталдык салымдар тизмесине киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө” 2024-жылы Республикалык бюджеттин эсебинен салына турган объектилердин тизмесине,титулуна киргизүүнү сураган” сунушун угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Карагай-Булак айылындагы А.Сулайманов орто мектебинин 150 орундуу имаратын курууга 2024-жылдын Республикалык бюджетинин капиталдык салымдар тизмесине киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө” 2024-жылы Республикалык бюджеттин эсебинен салына турган объектилердин тизмесине, титулуна киргизүү сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |