ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезектеги XXΙΙ (жыйырма экинчи) сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры №165/XXII-28
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн күз-кыш мезгилине даярдыгын кароо жөнүндө
Ысык-Ата айыл аймагынын Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн күз-кыш мезгилине даярдыгын кароо жөнүндө” берген баяндамасын Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары угуп,талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн күз-кыш мезгилине даярдыгын кароо жөнүндө” берген баяндамасы баяндамасы көңүлгө алынсын жана “канааттандырарлык” деп белгиленсин 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилинде алгылыктуу иш алып баруусу милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |