Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезектеги XXΙΙ (жыйырма экинчи) сессиясы

2023-жылдын 27-ноябры №166/XXII-28

Алмалуу айылындагы Бөлөбалаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 2,2га жер тилкесин Ысык-Ата айыл өкмөтүнө муниципалдык менчик катары бекитүү жөнүндө

  “Алмалуу айылындагы Бөлөбалаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 2,2га жер тилкесин Ысык-Ата айыл өкмөтүнө муниципалдык менчик катары бекитүү жөнүндө” Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун кайрылуусун Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары угуп,талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,32 -п.4 беренелеринин негизинде Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылында жайгашкан О.Бөлөбалаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 2,2 га жер тилкесин Ысык-Ата айыл өкмөтүнө менчик катары бектилип берилсин.

2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынын мыйзам чегинде каттоо жагы суралсын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

Ж.Бейшекеев