Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-июлу № 98-28
Л.Е.Носкова жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 224 Жарлыгынын жана Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 14-июлундагы № 1426/1 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо жөнүндө” буйругунун негизинде Аламүдүн районунун билим берүү бөлүмүнүн 2022-жылдын 19-июлундагы № 353 катын жана 2022-жылдын 18-июлундагы № 89 “№ 2 Аламүдүн ЖОББМнын директору Л.Е.Носкованы кызматтан бошотуу жөнүндө” буйругун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 25-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн районунун билим берүү бөлүмүнүн № 2 Аламүдүн ЖОББМнын директору Л.Е.Носкованы кызматтан бошотуу четке кагылсын.
2. Ушул токтом Аламүдүн районунун билим берүү бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомго ылайык өтүнүч кат жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Төрага | А.П. Филимоненко |