Редакцияот 16.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  IV сессиясынын

 

2024-жылынын 16-майы №14

 

“Муниципалдык менчике алуу жөнүндө”

 

Көк-Арт айыл аймагынын Таран-Базар айылына караштуу Тамга-Терек участкасындагы №1725 контурундагы 3-05-01-0024 1559 сыр белгиси менен катталып,көп жылдан бери ижарага алып, пайдаланып жүргөн 0.20 га айыл чарба багытындагы жараксыз жерди Көк-Арт айыл өкмөтүнун муниципалдык менчигине алып берүүнү сурап М.Ашимовдун жазган кайрылуусун жана Көк-Арт айылдык кеңешинин айыл чарба, жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Малашовдун сунушун айылдык кеңештин кезектеги IV-сессиясында карап чыгып, талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:

 

 

1.   Көк-Арт айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылынын Тамга-Терек участкасындагы № 1725 контурдагы 3-05-01-0024 1559 сыр белгиси менен катталып, ижарага алып пайдаланып жүргөн 0,20 га айыл чарба багытындагы жараксыз жерди муниципалдык менчике алууга макулдук берилсин;

 

2.   Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловко милдеттендирилсин.

 

3.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров