НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 03-01
Нурабад айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 1-жарым жылдыгынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 1-жарым жылдыгынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловдун 2021-жылдын 1- жарым жылдыгынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча алып барган иштери «Канааттандырарлык эмес» деп табылсын.
2. ФЭБ башчысы Т.Акуловго жогоруда аталган кемчиликтерди жоюу, мындан ары жол бербөө , ошондой эле пландаштырылган иштерди толугу менен аягына чыгарып бүтүрүү үчүн үч ай мөөнөт берилсин.
3. Эгерде аткарылбаган учурда анын иште калуусу же калбашы тууралу маселени кароо жагы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
4. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |