Редакцияот 30.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

2021-жылдын 30-июлу № 03-04

Нурабад айыл өкмөтүнө 2021-жылдын 1- жарым жылдыгында ар түрдүү булактардан түшкөн кошумча кирешени бөлүштүрүп жана бекитип берүү жөнүндө

Нурабад айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1- жарым жылдыгында ар түрдүү булактардан түшкөн 1328.4 миң сом кошумча кирешени бөлүштүрүп жана бекитип берүү жөнүндөгү сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып , Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

 

1.     Айыл өкмөтүнүн кошумча түшкөн 1328.4 миң сом акча каражаты З.Розахунова атындагы орто мектепке курулуш материалдары сатып алууга 210,0 миң сом, З.Розахунова жана Амир Темур атындагы орто мектептерге движок сатып алууга 300,0 миң сом,айыл өкмөттүн имаратын ремонтуна 600,0 миң сом,жана Нурабад айыл өкмөтүнө кире беришине арка жасатуу иштерин аткарууга 400,0 миң сом бөлүп, алымча-кошумчалары менен бекитилсин жана өз статьяларына ылайык сарпталсын.

 

2. Жогоруда көрсөтүлгөн кошумча кирешелерди статьялар боюнча сарпталышын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Юсупов