НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 03-05
Нурабад айыл өкмөтүнүн борборундагы көчөлөрдөгү мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаты Э.Нажимовдун Нурабад айыл өкмөтүнүн борборундагы көчөлөрдөгү мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү жөнүндөгү сунушу айылдык кенеш депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн борборундагы көчөлөрдөгү мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү жана тротуар куруу иштерин уюштуруу максатында иш-чараларды жүргүзүү боюнча райондук архитектура жана мамлекеттик каттоо мекемелери менен бирге иш алып баруу жагы Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө жер маселелери боюнча жана мыйзамдуулук комиссияларына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов. |