Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 16-майы №16
“Баланска алуу жөнүндө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы,
Көк-Арт айыл аймагына караштуу Мазар-Булак айылындагы “Чеки” дыйкан чарбасы пайдаланып келген ашыкча 4,58 га жер аянтын көз карандысыз баалоочуга баалатып, баланска алуу менен укук аныктоочу иш кагаздарын алууну талап кылып Көк-Арт айыл өкмөтүнун мурдагы башчысы Э.М.Жумуковго Сузак районунун прокуратурасынын 04.03.2024-жылы № 24/143-00-07-11/1-4-00466 сандуу жазган катын аткарууга алып, Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагына караштуу Мазар-Булак айылындагы “Чеки” дыйкан чарбасы пайдаланып келген №284 контурдагы 25275,82 чарчы метр, № 286 контурдагы 20507,5 чарчы метр, жалпы-45783,32 чарчы метр ашыкча жер, мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун менчигине алынсын;
2. Көз карандысыз баалоочуга баалатып, мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун менчигине укук аныктоочу иш кагаздарын алуу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага : | А.А. Энназаров |