Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 16-майы №17
“Ак-Тилек 2 Бала-Бакчасынын эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңы имарат курууга уруксат берүү жөнундө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы,
Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылында жайгашкан “Ак-Тилек 2” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имараты 1963-жылы курулуп, эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңы имарат курууга уруксат берүүнү сурап, жетекчиси Г.Шерматованын жазган кайрылуусун айылдык кеңештин кезектеги IV-сессиясында карап чыгып, талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылында жайгашкан “Ак-Тилек2” бала-бакчасынын имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңы имарат курууга макулдук берилсин;
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловко жана бала-бакча жетекчиси Г.Шерматовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : | А.А. Энназаров |