НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 03-07
Какыр-Пилтан айылынын тургуну Шамшидинова Шахнозахон Муродиловнанын арызы жөнүндө
Какыр-Пилтан айылынын тургуну Шамшидинова Шахнозахон Муродиловна өзүнө таандык болгон 500,0 чарчы метр жер тилкесин турак-жай багытына өзгөртүүгө уруксат берүү боюнча арызы айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Какыр-Пилтан айылынын тургуну Шамшидинова Шахнозахон Муродиловнанын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан өзүнө тиешелүү 500,0 чарчы метр жер тилкесин Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын турак-жай багытына которууга бекиткен башкы план долбоорун негизинде бекитилген долбоору бекитилип турак-жай багытына которууго макулдук берилсин.
2. Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башкы планы негизинде турак-жай багытына которулган 500,0 чарчы метр жер тилкесине Шамшидинова Шахнозахон Муродиловнага турак-жай салууга уруксат берүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |