Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2023-жылдын 24-ноябры № 735-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 237 "2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын өткөрүү концепциясы 1-тиркемеге ылайык;
2) Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруунун жол картасы (мындан ары - Жол карта) 2-тиркемеге ылайык.
2. Жол картаны ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети:
1) Жол картаны өз убагында жана так аткарууну камсыз кылсын;
2) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен төмөнкүлөрдү ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турсун:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Жол картанын "Глобалдык деңгээл: Кыргыз Республикасынын добушу, тажрыйба жана билим менен алмашуу" I бөлүмүн;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине Жол картанын "Региондук деңгээл: Борбордук Азиянын тоолорун сактоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү" II бөлүгүн жана "Улуттук жана жергиликтүү деңгээл" III бөлүмүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 30уна чейин Жол картаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруунун ЖОЛ КАРТАСЫ
Максаты: Тоолуу региондордун калкынын жашоо шартын жакшыртуу жана жаратылышты сактоо.
Негизги милдеттер:
- тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча глобалдык процесстерге Кыргыз Республикасынын добушу жана дүйнөлүк коомчулук менен тажрыйба алмашуу;
- Борбордук Азиянын жана чектеш аймактардын тоолорунда региондук кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү;
- тоодогу адамдарга кам көрүү, алардын жашоо сапатын жана инфратүзүмдү жакшыртуу, булганууну, табигый кырсык тобокелдигин жана климаттын өзгөрүшүн азайтуу, тоолордун аялуу жана уникалдуу табиятын коргоо жана калыбына келтирүү, тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө интеграциялык мамиле кылуу.
2023-2027-жылдарга Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча жол картада глобалдык, региондук жана улуттук масштабдагы, анын ичинде колдонуудагы жана келечектүү долбоорлордун жана туруктуу өнүктүрүү чараларынын алкагындагы иш-чаралар айкалыштырылган. Жол карта 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына, 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук максаттарына жана 2050-жылга чейин Климаттык нейтралдуулук боюнча жарыяланган ниеттерге шайкеш келет жана бири-бирин толуктайт. Иш-чаралар тизмеги 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасындагы негизги кызыкдар тараптардын, анын ичинде окумуштуулардын жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин, эксперттик коомчулуктун жана БУУ системасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда консультацияларды өткөрүү жана сунуштарды чогултуу аркылуу иштелип чыккан. Тоо күн тартибинин ар тараптуулугун жана динамикалуулугун жана Тоолорду өнүктүрүү глобалдык алкактын планын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын жол картасы жаңылоо үчүн ийкемдүү жана ачык документ болуп саналат. БУУнун өлкөлүк кеңсеси Жол картанын долбоорун иштеп чыгууга, анын ичинде БУУ системасына кирген уюмдары менен консультацияларды өткөрүүгө көмөк көрсөттү.
№ | Иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу маморгандар/ведомстволор/мекемелер | Мөөнөтү | Каржылоо булактары (макулдашуу боюнча) | Ишке ашыруу боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) |
I бөлүм. Глобалдык деңгээл: Кыргыз Республикасынын добушу, тажрыйба жана билим менен алмашуу | ||||||
1 | КР иш-аракеттеринин глобалдык алкактык планын жана Жол картасын иштеп чыгуу жана презентациялоо боюнча баштапкы иш-чаралар (форум HLPF ECOSOC ж.б.) | Кызыкдар тараптарды маалымдоо, тоолорду өнүктүрүү глобалдык өнөктөштүгүнө өлкөнүн кошкон салымы | ТИМ | 2023-жыл | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары, БУУӨП | Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы, ФАО |
2 | Процесстерде жана чечимдерде тоолуу өлкөлөрдүн интеграциясын жана муктаждыктары менен өзгөчөлүктөрүн эске алуу жөнүндө конвенцияларга жана глобалдык фонддорго кайрылууларды даярдоо | Тоо күн тартибин илгерилетүү жана сүйлөшүүлөрдө, чечимдерде жана каржылоо механизмдеринде өзгөчө кызыкчылыктарды эске алуу | ТИМ, ЖРЭТКМ | 2023-2025-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы, ФАО |
3 | БУУнун саммиттери менен конференцияларынын алкагында биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү (сайд-ивент. сөз сүйлөө, павильон) | Тоолуу региондорду өнүктүрүү көйгөйлөрүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруу | ТИМ, ЖРЭТКМ, ЭСКММ, АЧМ | 2023-2025-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | БУУ системасы, ЕККУ, эл аралык уюмдар, БАРЭБ |
4 | Суу ресурстарынын булагы катары мөңгүлөрдү жана тоолорду сактоо эл аралык жылы (2025-жыл) боюнча эл аралык баалоого жана иш-чараларга катышуу | Тоолуу өлкөлөрдө мөңгүлөрдү сактоо көйгөйү боюнча тажрыйба алмашуу | ТИМ, БИМ, УИА, ӨКМ, ЖРЭТКМ, ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) | 2023-2025-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаты, CROM-ADAPT, ЮНЕСКО, ЮНЕП | Алматыдагы ЮНЕСКО, КӨӨЭТ, ГЕО |
5 | БУУнун алдында тоолуу мамлекеттер тобун түзүү. Глобалдык тоо өнөктөштүктөрүнө жана тармактарына Кыргыз Республикасынын катышуусу | Тоолуу өлкөлөрдүн шериктеш тобун формалдаштыруу, өнөктөштүктү кеңейтүү | ТИМ, ЖРЭТКМ | 2023-2025-жылдар | Республикалык бюджет | БУУнун Тоолуу өлкөлөрүнүн шериктеш тобу |
6 | Тышкы карызды "жашыл" демилгелерге алмаштыруу боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдөө | Финансылык механизмди/трасттык фондду иштеп чыгууга салым | ФМ, ЭКМ, ТИМ, ИУА | 2023-2025-жылдар | Республикалык бюджет, BIOFIN, БУУӨП | БУУ системасы, эл аралык уюмдар |
7 | Глобалдык тоо университетин түзүү перспективасы менен тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча глобалдык илимий-билим берүү жана маалыматтык билим жана тажрыйба алмашуу платформаларын өнүктүрүүгө салым | Өзүнүн жана глобалдык платформаларды өнүктүрүүгө Кыргыз Республикасынын катышуусу жана салымы (Adaptation at Altitude, ТӨМ, WOCAT, Panorama ж.б.) | БИМ, КЭУ ЭТИ, УИА | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | БУУнун университети, глобалдык жана региондук маалымат платформалары, тоо кызматташтык борборлору, Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы, ФАО |
8 | "Бишкек+25" экинчи глобалдык Бишкек тоо саммитин өткөрүү* | Тоо күн тартибин жогорку деңгээлде илгерилетүү, тажрыйба алмашуу | ТИМ, бардык министрликтер, КР Президентинин Иш башкармасы | 2025-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы, ФАО, ЕККУ |
II бөлүм. Региондук деңгээл: Борбордук Азиянын тоолорун сактоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү | ||||||
9 | Региондук тоо борборунун (ТӨМК караштуу РТБ) дараметин күчөтүү жана уюштуруучулук реформа жүргүзүү, Борбордук Азиянын тоолорун сактоо боюнча окумуштуулардын, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын тармактарын жана өнөктөштүгүн өнүктүрүү | Тоолорду туруктуу өнүктүрүү, жаратылышты жана климатты коргоо маселелерине басым жасаган, натыйжалуу иштеген региондук түзүм жана тармак | ЖРЭТКМ, УИА, ТИМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары, CEPF | ЮНЕП, CEPF, Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы, ФАО, коммерциялык эмес уюмдар |
10 | Токойлорду, ландшафттарды калыбына келтирүү жана Борбордук Азия тоолорунун флора менен фаунасынын негизги түрлөрүн, анын ичинде жапайы түрлөрүнүн генофондун сактоо | Деградацияланган ландшафттарды калыбына келтирүү. Аялуу жана уникалдуу экосистемаларды, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү сактоо. Табигый кырсыктар тобокелдигин азайтуу. Генофондду сактоо | ЖРЭТКМ, АЧМ, ӨКМ, УИА | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, ДБ Resiland CA+, IKI, CEPF | ДБ, ЮНЕП, "CAMP Alatoo" КБ, Fauna & Flora International жана башка өнөктөштөр |
11 | Бузулган тоолуу аймактарды жана суу коргоо зоналарын калыбына келтирүү, жээк бекемдөө иштерин уюштуруу жана өткөрүү | Кооптуу жана тиричилик калдыктарын сактоо жайларын жана кен иштетүү жайларын коопсуз абалга келтирүү (рекультивация). Кооптуу химиялык заттардан жаратылыш менен ден соолукка келтирилүүчү тобокелдиктерди азайтуу | ӨКМ, АЧМ, ЖРЭТКМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, ЕБ, ЕРӨБ, АӨБ, ЕККУ, ЮНЕП, донорлордун каражаттары | Адистештирилген жана коммерциялык эмес уюмдар |
12 | Туристтик жерлердин булганышын азайтуу чараларын көрүү жана маалымдуулукту жогорулатуу ишин уюштуруу жана өткөрүү. BRS жана желим конвенциясы боюнча аймактык кооперация | Тоолуу туристтик жайларды жана көлмөлөрдү таштандылардан жана желим калдыктарынан тазалоо. Желимди бөлүштүрүү жана кайра иштетүү. Циркулярдуу экономиканы өнүктүрүү | ЖРЭТКМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ЮНЕП, коммерциялык эмес уюмдар |
13 | Борбордук Азиянын жапайы жаныбарларынын глобалдык маанидеги миграциялоочу түрлөрүн (илбирс, архар ж.б.) жана экокоридорлорун сактоо | Түрлөрдү эсепке алуу технологиялары, ыкмалары жана маалыматтары менен алмашуу, коргоо боюнча биргелешкен программалар | ЖРЭТКМ, УИА, GSLEP (макулдашуу боюнча) | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, CAMI, IKI | CMS, ЮНЕП, GIZ, GSLEP, CAMI, WWF |
14 | Борбордук Азия өлкөлөрүнүн КЭР жана Гиндукуш-Гималай региону менен өнөктөштүгүнүн алкагында Тянь-Шань жана Памир дүйнөлүк мурасынын жаратылышын коргоо региондук тармагын актуалдаштыруу (ICIMOD) | Экотуризмди өнүктүрүү, пландарды, башкаруу жана ыкмалар системасын координациялоо, тажрыйба алмашуу, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу | ЖРЭТКМ, УИА, ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) | 2023-2025-жылдар | Республикалык бюджет, ДБ, CEPF, ЮНЕСКО, донорлордун каражаттары | Коңшу өлкөлөр, ICIMOD |
15 | Борбордук Азиянын мөңгүлөрүн, суу ресурстарын, экосистемаларын жана тоо коомчулуктарын изилдөө үчүн региондук жана чет өлкөлүк илимий-билим берүү уюмдарынын күч-аракетин бириктирүүгө катышуу | Изилдөөлөргө координацияланган мамиле жасоо, маалымат базалары менен алмашуу, билим берүү программаларын иштеп чыгуу | УИА, ЖРЭТКМ, КЭУ ЭТИ, БИМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, ДБ, CROM-ADAPT, АКДН, GIZ, РБАЭБ, ЕККУ | ДБ, UCA, БАЖИИ, КЭУ ЭТИ, Фрибург, Цюрих университеттери |
16 | Суу-энергетикалык жана жер ресурстарын башкаруунун (NEXUS) жана суу ресурстарын интеграцияланган башкаруунун (СРИБ) комплекстүү ыкмасын илгерилетүү | Ирригацияда жана энергетикада сууну пайдалануу кызыкчылыктарынын балансын баалоо жана эсепке алуу үчүн NEXUS жана СРИБ ыкмаларын пайдалануу | УИА, ЭКМ, АЧМ, ТИМ, БАЖИИ (макулдашуу боюнча) | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, ДБ CAWEP, OECD, SDC Blue Peace, GIZ, донорлордун каражаттары | ДБ, GIZ, OECD, БАРЭБ, БУУ ЕЭК |
17 | Инфраструктураны, экологиялык туруктуулукту өнүктүрүү жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу максатында региондук экономикалык (CAREC, SPECA, CASA) жана экологиялык (RESILAND, CAWEP, UNECE) кызматташуу программаларына катышуу | Инфраструктурага жана рынокторго жетүүнү жакшыртуу. Кызматташуудан регионалдык натыйжа жана пайда | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ТИМ, ӨКМ, УИА, ССМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, АӨБ, CAREC, ДБ CAFEWS-CAHMP, GIZ, ЕККУ, БУУӨП | БАЭБР, РГБ, ӨККТАБ |
18 | Климаттын жана эпидемиологиялык коркунуч булактары өзгөргөн шартта Борбордук Азиянын тоолуу региондорунда жана калк жыш жайгашкан райондорунда калктын жана үй жаныбарларынын саламаттыгын сактоо чараларын түзүү боюнча региондук иш-чараларга катышуу. Тобокелдиктерди баалоо | Тоолуу райондордо эпидемия тобокелдиктерин азайтуу жана калктын жана үй жаныбарларынын адаптациясы болуусу боюнча чараларды көрүү. Региондук тажрыйба жана маалымат алмашуу | ССМ, АЧМ, БИМ, УИА, ЖРЭТКМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ADI, ДБ, АӨБ, ФАО, МАМ |
19 | Климаттын өзгөрүшү, таза суу жана энергия, токой жана ландшафт боюнча региондук форумдарга, анын ичинде БУУнун эл аралык жайыттар жылына (2026) катышуу | Глобалдык чакырыктар, максаттар жана милдеттенмелер боюнча жалпы региондук жана дифференцияланган өлкөлүк позицияларды түзүү. Тажрыйба алмашуу жана инвестиция тартуу | ЖРЭТКМ, БИМ, УИА, ТИМ, ЭКМ, АЧМ, ССМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, ДБ, РБАЭБ, GIZ, ФАО, ЕККУ | Эл аралык уюмдар |
20 | Кыргыз Республикасынын региондорунун климатынын жана жаратылыш чөйрөсүнүн өзгөрүшүнүн таасири астында калктын миграциясы жана орун которуусу маселелерин изилдөө | Климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө байланыштуу калктын миграциясы боюнча маалымат алмашуу | ӨКМ, ЭСКММ, УСК, ССМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | МЭУ |
III бөлүм. Улуттук жана жергиликтүү деңгээл | ||||||
1-глава. Башкаруу жана пландоо системасы | ||||||
21 | Жол картасын ишке ашырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү. "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы" боюнча маалыматтык вебсайтты иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө чечими. Маалымат алмашуу үчүн онлайн платформа | ЖРЭТКМ | 2023-жыл | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | БУУ системасы |
22 | Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын аткарууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн Катчылык түзүү | Штатын, уюштуруу түзүмүн, бюджетин, материалдык-техникалык камсыздоосун аныктоо менен Катчылык түзүү жөнүндө Кыргыз Республиканын Министрлер Кабинетинин чечими | КР Президентинин Администрациясы | 2023-жыл | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | Буу системасы, ЕККУ |
23 | Жергиликтүү жана чет өлкөлүк ЖМК Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу процессин маалыматтык чагылдыруу. Үзгүлтүксүз жолугушууларды, саясий диалогдорду өткөрүү | Тоо боюнча күн тартибинин интеграциясы. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк ЖМК аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана илимий чөйрөгө маалымдоо | ЖРЭТКМ, ЭКМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | БУУ системасы, БАЖИИ, ЕККУ |
24 | Тышкы карызды "жашыл" демилгелерге алмаштыруу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу жана апробациялоо | Жол картасы, тышкы карызды "жашыл" демилгеге алмаштыруу боюнча финансылык механизм | ФМ, ЭКМ, АЧМ, ЖРЭТКМ, УИА | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, BIOFIN, БУУӨП, ЗКФ (CS-FOR) | БУУӨП, ФАО, коммерциялык эмес уюмдар, бизнес-коомчулук |
25 | "Бишкек+25" экинчи Бишкек глобалдык тоо саммитин өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү* | КР Министрлер Кабинетинин уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө чечими. Дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу | ТИМ, КР Президентинин Администрациясы | 2025-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | БУУ системасы, ЕККУ |
2-глава. Калктын жашоо сапатын жана табигый чөйрөнү жакшыртуу | ||||||
26 | Ден соолукту коргоо, айлана-чөйрөнү сактоо жана табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды эске алуу менен тоолуу райондордогу калктуу конуштарды жана аймактарды өнүктүрүү планын талдоо жана жаңылоо | КР Министрлер Кабинетинин жана жергиликтүү администрациялардын чечимдери. Калктын жашоо сапатын жана бакубаттуулугуна карата ыкмаларды жакшыртуу | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО, ССМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, ДБ, АӨБ, донорлордун каражаттары | ЖМА |
27 | Жашыл курулуш үчүн дем берүүлөрдү жана практиканы өнүктүрүү, гендердик аспекттерди, аялдарды, балдарды жана жаштарды колдоону эске алуу менен үй чарбаларынын жана чакан бизнестин энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу*** | Чакан бизнесте жана үй чарбаларында энергонатыйжалуу технологиялар. Аялдар, жаштар жана балдар үчүн үй чарбасын жүргүзүүнүн жагымдуу шарттарын түзүү | АКТКЧМА, ЭКМ, ЭСКММ, ЖРЭТКМ, ЭМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары, МЭУ, ЕБРР, KYRSEFF | Микрофинансылык жана коммерциялык эмес уюмдар, МЭУ |
28 | Шаарларда абанын сапатын жакшыртуу, атмосферага парник газдарын жана зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну чектөө жана азайтуу | Жашылдандыруу, жеке менчик жана коомдук электр транспортун өнүктүрүү | Бишкек шаарынын мэриясы, Ош шаарынын мэриясы, Кыргызстандын башка шаарларынын мэриялары, ЖМА, ЖРЭТКМ, ЭКМ, ТКМ | 2023-2027-жылдар | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет, ДБ, АӨБ, ЮНЕП, донорлордун каражаттары | ЮНЕП |
29 | Айлана-чөйрөнүн абалын баалоо жана мониторинг жүргүзүү жана эл аралык жана улуттук көрсөткүчтөрдүн негизинде үй чарбаларынын жашоо деңгээлин жана тоодо жашагандардын ден соолугунун абалын изилдөө | Айлана-чөйрөнүн, калктын жашоо деңгээлинин жана ден соолугунун абалынын көрсөткүчтөрүнүн негизиндеги ар жылдык баяндамалар. Илимий-практикалык максаттарда калктын саламаттыгынын интегралдык индекстерин иштеп чыгуу жана эсептөө. Аялуу тоолуу райондор жана коомдун топтору үчүн колдоо көрсөтүүнүн даректүү чараларын жана чечимдерди иштеп чыгуу | ӨКМ, ЖРЭТКМ, ЭКМ, ССМ, УИА, УСК | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | БУУӨП, ЮНЕП, ЕККУ, Орхус-борборлору, коммерциялык эмес уюмдар |
30 | Алыскы тоолуу райондордун тургундары, айрыкча аялдар, балдар жана жаштар үчүн санариптик мүмкүнчүлүктөрдү (МТ) кеңейтүү | Санариптик индустрия үчүн квалификациялуу IT-адистерди даярдоо курстарын уюштуруу | СӨМ, ССМ, БИМ, ЭСКММ, ЖРЭТКМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | БУУӨП, ЮНЕП, ЕККУ, БУУ-аялдар, бизнес-коомчулук |
31 | Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу райондорунда мал чарбасын өркүндөтүү (пилоттук долбоор) жана климаттын өзгөрүшү боюнча чараларды эске алуу менен жайыттарга келтирилүүчү жүктөмдөрдү жөнгө салуу | Азык-түлүк коопсуздугу. Жайыттардын абалын жакшыртуу, жайыттарды милдеттүү түрдө кезектөөнү киргизүү | АЧМ, УИА | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары, ЖКФ, БУУ ДАП | ЖӨБО, алчылар ассоциациясы, фермердик чарбалар |
32 | Органикалык аймактарды, маркетингди, кошумча нарк чынжырчасын жана тоолуу райондордо продукциянын сапатын башкаруу системасын өнүктүрүү, күнөскана чарбаларын кеңейтүү жана түшүмдү сактоо боюнча башка чаралар | Органикалык продукттар боюнча аймактарды адистештирүү. Улуттук реестрди (лэйблди) түзүү. Кирешелердин, экспорттук потенциалдын жана инновациялардын өсүшү. Күнөсканаларды ж.б. түзүүнүн эсебинен ӨК таасиринен жана климаттын өзгөрүшүнөн түшүм жоготууларын азайтуу | АЧМ, ССМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаты, ГЭФ ЧГП, БУУӨП, ФАО | ГЭФ ЧГП, ЕККУ, БУУӨП, Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы, ФАО, BIO-KG органикалык кыймыл федерациясы, "Биосервис" КФ жана башка өнөктөштөр |
33 | Агротокой чарбасы жана жашыл бак-дарактарды отургузуу аркылуу токойлорго жана жайыттарга оорчулукту азайтуу | Жашылдандыруу жана эрозияга каршы бак-дарактарды отургузуу иштери жүргүзүлдү (жылына 650 га/350 миң дарак) | АЧМ, ӨКМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жер жана токой пайдалануучулар ассоциациясы, ЕККУ |
34 | Экологиялык туризмди жана тоолуу жердеги коомчулуктардын негизинде туризмди өнүктүрүү | Экотуризмди популярдаштыруу жана тоо-кен продукттарын өндүрүү. Жамааттардын кирешесинин өсүшү | ЭКМ, ЖРЭТКМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаты, ДБ | Жамааттарга негизделген уюмдар, ДБ |
35 | Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин илгерилетүү жана киргизүү | Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча жаңы программаны иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу | ЭКМ, ТКМ, ЭМ, ЖРЭТКМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаты | Бизнес-коомчулук, коммерциялык эмес уюмдар, ЕККУ |
3-глава. Аялуу жана уникалдуу тоо экосистемаларын жана түрлөрүн сактоо | ||||||
36 | Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы Кызыл китебин жаңыртуу. Актуалдуу жана ачык экологиялык маалыматтары менен санариптик платформаларды өнүктүрүү | Талаа иштери, флора менен фаунанын аялуу жана уникалдуу түрлөрүн эсепке алуу жана алардын абалы жөнүндө жаңы маалыматтар. Санариптештирүү жана ачык экологиялык маалыматтар. Түрлөрдү сактоо пландары | ЖРЭТКМ, УИА, АЧМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, БУУӨП, ЮНЕП, ГЭФ | Коммерциялык эмес уюмдар, ЖКЭБ, GSLEP |
37 | Экологиялык коркунучтарды жана экологиялык бузулууларды баалоодо жарандык коомдун катышуусу | Тобокелдиктердин коомдук эко-карталарын эсепке алуу | ЖРЭТКМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаты | Коммерциялык эмес уюмдар, MAP.KG, ECOMAP |
38 | Башкаруу пландарын жаңыртуу. Иштеп жаткан ӨКЖА тармагынын илимий базасын, мониторингин жана техникалык потенциалын күчөтүү | ӨКЖА чегин жана алардын ачык схема карталарын тактоо. Илимий негиз, SMART мониторинг жүргүзүү жана патрулдоо | УИА, ЖРЭТКМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаты | Коммерциялык эмес уюмдар |
39 | Жаңы ӨКЖА түзүү, камтуу зоналарын жана типологиясын, анын ичинде биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги райондору боюнча кеңейтүү | 2030-2050-жылдардын глобалдуу максаттарына ылайык ӨКЖА аянттарын жана камтуу зоналарын кеңейтүү. Жаңы типтер (геопарктар жана башкалар) | ЖРЭТКМ, ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаты, CEPF, ГЭФ, БУУӨП, ЮНЕСКО | Коммерциялык эмес уюмдар |
40 | ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурас объекттеринин тизмесине киргизүү үчүн номинацияларды даярдоо | "Хан-Теңгри" мамлекеттик жаратылыш паркы, "Саймалуу-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркы ж.б. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурас объекттеринин тизмесине киргизилген | ЖРЭТКМ, ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, ЮНЕСКО, БУУӨП | БАЖИИ, ЮНЕСКОнун Алматыдагы Кластердик бюросу, коммерциялык эмес уюмдар |
41 | ӨКЖА чегинен тышкары жаратылышты коргоо ыкмаларын киргизүү жана жаратылышты туруктуу пайдаланууну координациялоо. Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн мега-долбоорлору үчүн стратегиялык экологиялык баалоо (СЭБ) | Жаратылышты коргоо иштерине аңчылык жана токой чарбаларын, тоо-кен жана туристтик компанияларды тартуу. Ири инфраструктура үчүн СЭБ | ЖРЭТКМ, АЧМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаты | Коммерциялык эмес уюмдар |
42 | Туризмди, балык чарбаны жана чарбалык иштин башка түрлөрүн туруктуу өнүктүрүү контекстинде тоолуу райондорду кошуп алганда "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын экосистемасын сактоо | Суу жана тоо экосистемаларынын булгануу жана түгөнүү коркунучун баалоо. Иш-аракеттер планы, мониторинг жүргүзүү жана калыбына келтирүү чаралары. Экологиялык сыйымдуулукту жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен туризмди жөнгө салуу | ЖРЭТКМ, ЭКМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаты | КР АЧМдин Балык чарба департаменти, ЖРЭТКМ, ЕККУ (Орхус борборлору аркылуу) |
43 | Токой тармагын башкаруу саясатын жана системасын өркүндөтүү | 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы. Токойлорго болгон оорчулукту азайтуу (мал жаюу, кыюу, жаңгак терүү ж.б.) | АЧМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаты | GIZ |
44 | Бонн чакырыгынын жана 2015-2030-жылдарга кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча Сендай алкактык программасынын алкагында токойлорду калыбына келтирүү жана жерлердин эрозиясын жана өзгөчө кырдаалдардын коркунучун азайтуу чараларын киргизүү | 23 миң га токойду жана 300 миң га деградацияланган ландшафттарды калыбына келтирүү | АЧМ, ӨКМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, БУУ ДАП, ДБ | Донорлор, БУУ ДАП айыл жамааттарында долбоорлорду колдоо аркылуу |
45 | Тоо көлдөрүн, саздак жерлерди жана коркунучта турган башка негизги жашоо чөйрөсүн сактоо | Көлдөрдүн карталары жана аларды эсепке алуу, сейрек түрлөрдү коргоо планы жана мониторинг жүргүзүү. Климат боюнча адаптациялоо чаралары | ЖРЭТКМ, УИА | 2024-2027-жылдар | Республикалык бюджет, ЮНЕП, ГЭФ ЧГП, БУУӨП | ГЭФ ЧГП, GMC, MSF, Ветлендс Интернэшнл |
46 | "Азия тоо багы" концепциясын ишке ашыруу, in-situ жана ex-situ (жаратылыш парктары, жаратылыш коруктары жана зоопарктар, криобанктар) үчүн плантацияларды жана микрокорукчаларды өнүктүрүү | Бишкек шаарынын ботаникалык багын калыбына келтирүү жана көрктөндүрүү. Нарын шаарында ботаникалык бакты түзүү. Микрокорукчалар тармагы | ЖРЭТКМ, УИА | 2024-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаты | "КР топурак таануучулар коому" КБ, "Арча" демилгеси жана башкалар |
47 | БАК генетикалык ресурстары жөнүндө Нагоя протоколун аткаруу боюнча техникалык жана уюштуруучулук потенциалды өнүктүрүү | Дары чөптөрдүн жана өсүмдүктөрдүн башка түрлөрүнүн медицинада колдонулушун баалоо. Пайданы бөлүштүрүү механизмин киргизүү | УИА, ЖРЭТКМ, АЧМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, БУУӨП, донорлордун каражаты | БУУӨП, коммерциялык эмес уюмдар |
48 | Биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин киргизүү жана бөтөн түрлөрдүн жана ГМОнун коркунучун азайтуу үчүн үрөнчүлүк чараларын жана практикасын жакшыртуу (Биологиялык түрдүүлүк боюнча конвенцияга Картахен протоколу) | Картахена протоколу боюнча биологиялык коопсуздук боюнча ченемдик база. Техникалык потенциал (лаборатория). Калктын саламаттыгы жана жаратылыш экосистемалары үчүн тобокелдиктерди азайтуу | АЧМ, ЖРЭТКМ, ССМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаты, ГЭФ | ФАО, IFAD, "Дыйкан Мурас" (үрөн өстүрүүчү аялдар тармагы) |
4-глава. Тоолуу зонада жаратылыш кырсыгынын тобокелдигин азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү | ||||||
49 | Калктуу конуштар жана инфраструктура үчүн табигый кырсыктар жана климаттын өзгөрүшү менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу | Бийик тоолордогу жана мөңгү көлдөргө, сел кооптуулугу бар бассейндерге мониторинг жүргүзүү. Өзгөчө кырдаалды жана климаттык тобокелдиктерди божомолдоо, эрте кабарлоо системасын түзүү, картасын иштеп чыгуу. Калктын маалымдуулугун жана даярдыгын жогорулатуу | ЖРЭТКМ, ЭКМ, БИМ, ӨКМ, УИА (макулдашуу боюнча) | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, адаптациялык фонд, ГЭФ, CAFEWS, ДБ, БУУӨП | ЮНЕСКО, БАЖИИ, ЕККУ, Фрибург, Цюрих университети, БУУӨП, ДМУ, коммерциялык эмес уюмдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
50 | Карлуу талааларга, кар көчкүлөрүнө, мөңгүлөргө, көмүлгөн муздарга жана түбөлүк тоңго (криосфера), ошондой эле бийик тоолуу жана метеорологиялык байкоолорго мониторинг жүргүзүү тармагын өнүктүрүү | Сугаруу жана энергетика үчүн суунун болушунун ишенимдүү божомолу. Инфраструктура (стратегиялык жолдор) үчүн тобокелдиктерди азайтуу. Мөңгүлөрдү жана карлуу талааларды баалоо. Криосфера боюнча эл аралык маалымат алмашууга салым | ӨКМ, ЖРЭТКМ, УИА | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары, GIZ, CROM-ADAPT | БАЖИИ, ДМУ |
51 | Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана аялуу тоо коомчулуктарында жагымсыз аба ырайынын кесепетинен болгон экономикалык жана өндүрүштүк жоготууларды азайтуу | Тармактар жана региондор боюнча климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо иш-аракеттеринин улуттук планы (АИУП). Максаттуу колдоо чаралары, камсыздандыруу жана микрокаржылоо | ЖРЭТКМ, АЧМ, ӨКМ, БИМ | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары, ЖКФ, БУУ ДАП, SDC, ДБ, БУУӨП | Коммерциялык эмес уюмдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
52 | 2050-жылга чейин аз көмүртектүү өнүгүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын, гидроэнергетиканын жана токойлор менен жайыттардын көмүртекти сиңирүү жөндөмүнүн негизинде аз көмүртектүү экономиканы илгерилетүү | Абаны булгоочу заттарды аз бөлүп чыгаруу менен өнүгүү стратегиясы. Гидроэнергетиканын жана жер менен токойлордун көмүртекти сиңирүү потенциалын жогорулатуу. Климат боюнча чаралардын жана милдеттенмелердин аткарылышына байкоо салуу (трекинг) | ЭКМ, АЧМ, ЖРЭТКМ, УИА | 2023-2027-жылдар | Республикалык бюджет, ЖКФ, эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер, БУУӨП, ЮНЕП, ICAT, БАРЭБ, донорлордун каражаттары | Эл аралык уюмдар жана коммерциялык эмес уюмдар |
(*) "Бишкек+25" Глобалдык тоо саммитин даярдоо жана өткөрүү жөнүндө бир кыйла кенен маалымат Концепцияда берилген.
(**) региондук масштабдагы пландар жана долбоорлор, анын ичинде транспорттук жана экономикалык коридорлорду, кооптуу аба ырайы, сел жана суу ташкындары жөнүндө божомолдоо жана кабарлоо системасын өнүктүрүү, гидрометеорологиялык тармактарды жана айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүүнү модернизациялоо ж.б.
Жол картасынын иш-чараларын аткаруунун ар жылдык көлөмү жылына 50-100 млн. АКШ доллары аралыгында чукул бааланат, анын ичинде донорлордун, жеке сектордун, республикалык бюджеттин, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ырасталган жана перспективалуу каражаттары жана мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын материалдык эмес салымы.
(***) 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүү программасынын "жашыл" шаарларын өнүктүрүүнү эске алуу менен (https://minec onom.gov.kg/ru/direct/302/335)
Кыскартуулардын тизмеси
Adaptation at Altitude | - | Дүйнөлүк сереп/тоолуу райондордо климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо мисалдарынын жана практикаларынын маалыматтар базасы; |
ADI | - | Өнүктүрүү демилгелери агенттиги; |
BIOFIN | - | Биотүрдүүлүктү каржылоо демилге; |
BIO-KG | - | "BIO-KG" органикалык кыймыл федерациясы; |
BRS | - | Базель, Роттердам жана Стокгольм конвенциялары; |
CAFEWS | - | Суу ташкыны жана сел жөнүндө Борбордук Азия кабарлоо системасы; |
CAMI | - | Сүт эмүүчүлөр боюнча Борбордук Азия демилгеси; |
CAWEP | - | Борбордук Азияда суу жана энергия программасы; |
CAREC | - | Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтык программасы; |
CASA | - | Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү долбоору; |
CEPF | - | Аялуу абалдагы экосистемаларды коргоо фонду; |
CMS | - | Жапайы жаныбарлардын миграциялоочу түрлөрүн сактоо конвенциясы; |
CPF | - | Көмүртек өнөктөштүгүнүн механизми; |
CROM-ADAPT | - | Борбордук Азиядагы мөңгүлөрдү изилдөө боюнча Швейцария программасы; |
CS-FOR | - | "Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялоо аркылуу көмүртекти секвестрациялоо" долбоору; |
ECOMAP | - | "Экологиялык чечимдер институт" КФ тарабынан түзүлгөн Электрондук экологиялык карта; |
KYRSEFF | - | Кыргыз Республикасында туруктуу энергияны каржылоо программасы; |
GFC | - | Жашыл финансы борбору; |
GIZ | - | Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коому; |
GMC | - | Грайфсвальд саздар борбору; |
GSLEP | - | Ак илбирсти жана экосистемаларды коргоо боюнча глобалдык программа; |
HLPF ECOSOC | - | БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин жогорку деңгээлдеги саясий форуму; |
ICIMOD | - | Тоолуу райондорду комплекстүү өздөштүрүү эл аралык борбору; |
ICAT | - | Климаттык аракеттердин ачык-айкындуулугун камсыздоо демилгеси; |
IKI | - | Германиянын эл аралык климаттык демилгеси (климаттык фонд); |
MSF | - | Майкл Зукков фонду; |
NEXUS | - | Суу-энергетиканы жана жер ресурстарын башкаруу; |
OECD | - | Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму; |
PRM | - | Калк жайгаштыруу, качкындар жана миграция бюросу; |
Panorama | - | Экологиялык көйгөйлөрдү чечүү тажрыйбасы менен алмашуу платформасы; |
Resiland CA+ | - | Борбордук Азияда туруктуу ландшафттарды калыбына келтирүү региондук программасы; |
SDC | - | Швейцария өнүктүрүү жана кызматташтык башкармалыгы; |
SPECA | - | БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн атайын программасы; |
UCA | - | Борбордук Азия Университети; |
WOCAT | - | Дүйнөлүк сереп/туруктуу дыйканчылык боюнча маалыматтар базасы; |
WWF | - | Дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонду; |
АӨБ | - | Азия өнүктүрүү банкы; |
АДКН | - | Ага Хан өнүктүрүү уюму; |
"Биосервис" КФ | - | Органикалык секторго басым жасоо менен айыл региондорун өнүктүрүү боюнча Борбордук Азиядагы консалтинг компаниясы; |
ДБ | - | Дүйнөлүк банк; |
БУУ ДАП | - | Дүйнөлүк азык-түлүк программасы; |
ДМУ | - | Дүйнөлүк метеорология уюму; |
АКТКЧМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги; |
ГЕО | - | Глобалдык байкоолор тобунун алкагында тоо баалоолору жана изилдөөлөрү; |
ГЭФ | - | Глобалдык экологиялык фонд; |
ГМО | - | Генетикалык модификацияланган организмдер жана генетикалык инженерия туундулары; |
ЕРӨБ | - | Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы; |
ЕБ | - | Европа бирлиги; |
БУУ ЕЭК | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясы; |
ЖКФ | - | Жашыл климат фонду; |
БАК | - | Биологиялык түрдүүлүк конвенциясы; |
ЭВФ | - | Эл аралык Валюта фонду; |
КӨӨЭТ | - | Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобу; |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрация; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
КЭУ | - | Кыргызстан эл аралык университети; |
КЭУ ЭТИ | - | Кыргызстан эл аралык университетине караштуу Эл аралык тоо институту; |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
МЭУ | - | Миграция эл аралык уюму; |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; |
ЖКЭБ | - | Жаратылышты коргоо эл аралык бирлиги; |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги; |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги; |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик; |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы; |
СРИБ | - | суу ресурстарын интеграцияланган башкаруу; |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети; |
ЕККУ | - | Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
ӨКЖА | - | өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары; |
ГЭФ ЧГП | - | Глобалдык экологиялык фонддун Чакан гранттар программасы; |
БУУӨП | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы; |
ТӨМК караштуу РТБ | - | Туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттер аралык комиссияга караштуу Региондук тоо борбору; |
БУУ КӨАК | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы; |
РГБ | - | Региондук гидрология борбору; |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары; |
СЭБ | - | стратегиялык экологиялык баалоо; |
БАРЭБ | - | Борбордук Азия региондук экологиялык борбор; |
ФАО | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму; |
БАЖИИ | - | Борбордук Азия Жер жөнүндө прикладдык илимдер институту; |
МАБ | - | "Маданият жана агартуу борбору" мекемеси; |
ТӨМ | - | Туруктуу өнүгүү максаттары; |
ӨККТАБ | - | Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар тобокелдигин азайтуу борбору; |
ЮНЕП | - | БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы; |
ЮНЕСКО | - | БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму |