Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 16-майы №18
“Таран-Базар айылындагы К.Осмоналиев мектебинин короосунун сыртынан Бала-Бакча жана спорт комплексин куруу үчун жер бөлүп берүү жөнундө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы,
Көк-Арт айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылында жайгашкан К.Осмоналиев атындагы мектептин короосунун сыртынан бала-бакча жана спорт комплексин куруу үчүн 0.30 га жер бөлүп берүүнү сурап Таран-Базар айылынын тургундарынын жазган 19.04.2024-жылдагы кириш № 8 кайрылуусун жана депутат Н.Абдукаимовдун сунушун айылдык кеңештин кезектеги IV-сессиясында карап чыгып, талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылында жайгашкан К.Осмоналиев атындагы мектептин короосунун сыртынан 0.30 га бөлүнуп берилип, бала-бакча жана спорт комплексин курууга макулдук берилсин;
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага : | А.А. Энназаров |