Редакцияот 30.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

2021-жылдын 30-июлу № 03-08

Какыр-Пилтан айылынын тургуну Абдуллажанова Лолахон Убайдуллаевнанын арызы жөнүндө

Ошондой эле Какыр-Пилтан айылынын тургуну Абдуллажанова Лолахон Убайдуллаевна Какыр-Пилтан айылында жайгашкан өзүнүн менчигине таандык болгон 500,0 чарчы метр жер тилкесин турак-жай тилкесине өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.Ушул арызды депутаттар карап чыгып,талкуулап , Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

 1.    Какыр-Пилтан айылынын тургуну Абдуллажанова Лолахон Убайдуллаевнанын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан өзүнө тиешелүү 500,0 чарчы метр жер тилкесин Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын турак-жай багытына которууга бекиткен, башкы план долбоорун негизинде бекитилген долбоору бекитилип турак-жай багытына которууго макулдук берилсин.

 

2. Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башкы планы негизинде турак-жай багытына которулган 500,0 чарчы метр жер тилкесине Абдуллажанова Лолахон Убайдуллаевнага турак-жай салууга уруксат берүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Юсупов