Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 735-т тескемесине) |
Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын өткөрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
1-глава. Учурдагы кырдаалды баалоо
Кыргыз Республикасы глобалдык деңгээлде тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча эл аралык күч-аракеттерге активдүү катышууда, тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоо экосистемаларынын жана тоо жамааттарынын көйгөйлөрүнө эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча демилгелүү иштерди жүргүзүүдө. Кыргыз Республикасынын демилгеси менен 2021-жылдын декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйналышында 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялоо жөнүндө A/RES/76/129 резолюциясы кабыл алынган. Андан ары 2022-жылдын декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы A/RES/77/172 резолюциясын жактырган, анда 2023-2027-жылдар "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер" деп жарыяланган.
Тоолор суунун, энергиянын жана биологиялык ар түрдүүлүктүн маанилүү булагы болуп саналат. Мындан тышкары, алар пайдалуу кен байлыктар, токой ресурстары, айыл чарба азыктары жана эс алуу мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу негизги ресурстар менен камсыз кылат. Бирок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тоолуу региондору өздөрүнүн өзгөчө географиясына байланыштуу инфраструктурага жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн чектелүүлүгүнөн улам бир катар социалдык жана экономикалык кыйынчылыктарга дуушар болот, бул социалдык обочолонууга жана теңсиздикке алып келет.
Жаратылыш ресурстарын, айрыкча калк жашаган жана өнүгүп келе жаткан тоолуу региондордо интенсивдүү керектөө кайра жаралбаган булактардын акырындык менен түгөнүшүнө алып келет, айлана-чөйрөнү жана келечек муундарды оор кесепеттерге дуушар кылат. Ошондуктан тоолуу региондордо экологиялык туруктуулукту сактоо алардын узак мөөнөттүү өнүгүүсү жана бакубат жашоосу үчүн фундаменталдуу мааниге ээ.
2-глава. Жетишкендиктер жана кыйынчылыктар
Кыргыз Республикасы тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүгө байланышкан демилгелердин жана уюмдардын активдүү катышуучусу болуу менен, тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча глобалдык күн тартибин илгерилетүүнү жана ишке ашырууну жактайт. Ошол эле учурда, төмөнкү негизги жетишкендиктерди бөлүп көрсөтүүгө болот:
1998-жылы Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясы 2002-жылды Эл аралык тоо жылы дел жарыялоо жөнүндө A/RES/53/24 резолюциясын кабыл алган, ал өз кезегинде Эл аралык тоо өнөктөштүгүн түзүүгө, 2002-жылы Бишкек глобалдык тоо саммитин өткөрүүгө алып келген, анда жыйынтыктоочу документ - Бишкек тоо платформасы кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын демилгеси менен тоолорду туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын төмөнкү резолюциялары кабыл алынган:
- 2001-жылдын 25-январындагы A/RES/55/189 "Эл аралык тоо жылына даярдыктын жүрүшү, 2002-жыл";
- 2003-жылдын 30-январындагы A/RES/57/245 "Эл аралык тоо жылы" 11-декабрды Эл аралык тоо күнү деп жарыялоо жөнүндө;
- 2004-жылдын 9-февралындагы A/RES/58/216 "Тоолуу региондордогу туруктуу өнүгүү";
- 2005-жылдын 24-февралындагы A/RES/59/238 "Социалдык-экономикалык жана экологиялык тармактардагы тоскоолдуктарды жеңүү үчүн жакыр тоолуу өлкөлөргө жардам берүү";
- 2006-жылдын 8-мартындагы A/RES/60/198 "Тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү";
- 2008-жылдын 22-февралындагы A/RES/62/196 "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү";
- 2010-жылдын 11-мартындагы A/RES/64/205 "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү";
- 2012-жылдын 14-мартындагы A/RES/66/205 "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү";
- 2014-жылдын 12-февралындагы A/RES/68/217 "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү";
- 2016-жылдын 21-ноябрындагы A/71/463/Add.10 "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү";
- 2019-жылдын 22-июлундагы А/74/209 "Азык-түлүк коромжулары жана тамак-аш калдыктары жөнүндө маалыматты жайылтуунун эл аралык күнү";
- 2021-жылдын 16-апрелиндеги A/RES/75/271 "Жаратылыш чек билбейт: трансчек аралык кызматташуу - биологиялык түрдүүлүктү сактоодогу, калыбына келтирүүдөгү жана туруктуу пайдалануудагы негизги фактор";
- 2022-жылдын 21-декабрындагы A/RES/77/172 "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү".
2019-жылы Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобу түзүлдү. Азыркы учурда анын курамына 29 өлкө: Афганистан, Андорра, Австрия, Албания, Армения, Азербайжан, Бангладеш, Бутан, Боливия, Канада, Ирландия, Италия, Грузия, Греция, Кыргызстан, Ливан, Лихтенштейн, Марокко, Непал, Никарагуа, Норвегия, Перу, Руанда, Румыния, Швейцария, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Япония кирет.
БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргыз Республикасынын "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата иш-аракеттердин беш жылдыгын" (мындан ары - "Беш жылдык") жана экинчи Бишкек глобалдык тоо саммитин (мындан ары - "Бишкек+25") өткөрүү боюнча демилгесин колдоду, бул Республиканын тоолорду туруктуу өнүктүрүү көйгөйлөрүн чечүү боюнча болгон маанилүү милдеттенмесин көрсөтөт. Бул ошондой эле Кыргызстандын тоолуу мамлекеттер арасындагы негизги ролун жана бул жаатта эл аралык күчтөрдү бириктирүүгө умтулуусун баса белгилейт.
Көйгөйлөргө төмөнкү аспекттерди киргизүү керек:
- тоо боюнча күн тартибинин демилгелерин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн туруктуу институттук базанын жоктугу;
- мамлекеттин өнүгүү багыттарын жана тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы артыкчылыктарын аныктаган бирдиктүү стратегиялык документтин жоктугу;
- демилгелерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн начар кадрдык потенциал жана илимий-изилдөө базасынын жетишсиздиги;
- тиешелүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн республикалык бюджет тарабынан каржылоонун жетишсиздиги.
3-глава. Максаттары
"Беш жылдыктын" максаттары:
- эл аралык коомчулуктун көңүлүн тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө буруу региондордун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана коомдук жана экологиялык кызыкчылыктарды коргоо үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Тоолуу өлкөлөргө арналган конференцияларды, симпозиумдарды жана башка иш-чараларды уюштуруу бул көйгөйлөргө көңүл бурууга жардам берет. Тоолуу региондордо экономиканы өнүктүрүүгө жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган идеяларды жана демилгелерди жайылтуу да маанилүү. Бул финансылык жана техникалык колдоо көрсөтө алган эл аралык уюмдар жана мамлекеттер менен туруктуу өнөктөштүктү түзүү зарылдыгына түрткү болот;
- тоолуу өлкөлөрдүн эл аралык аренадагы ролун өзүнчө мамлекеттин тобу катары жайылтуу жана бекемдөө. Жалпы чакырыктарды чечүү үчүн тоолуу өлкөлөр өз ролун жана үнүн бекемдөө үчүн өз ишин биргелешип активдештирүүгө жана системалаштырууга тийиш. Муну тоо боюнча күн тартибин эл аралык жана финансы уюмдарынын пленардык жыйындарынын алдынкы планына алып чыгуу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн, анда алар өзгөчө муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын чагылдырган жалпы талаптары жана чечимдери менен чыга алышат. Алар ресурстарды жана туруктуу өнүгүү принциптерин туруктуу пайдаланууга негизделген жаңы климаттык, экономикалык жана социалдык моделдерди түзүүдө лидер боло алышат, бул эл аралык инвесторлорду жана өнөктөштөрдү тартышы мүмкүн;
- тоолуу өлкөлөрдүн алдында турган көйгөйлөргө жана чакырыктарга каршы күрөшүү боюнча эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракеттерине жаңы дем берүү. Түрткү берүүнүн мүмкүн болгон жолдорунун бири болуп тоолуу өлкөлөрдүн инфраструктурасын жана экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоону көбөйтүү саналат. Тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрү жана алардын потенциалы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча кампанияларды жүргүзүү керек. Эл аралык коомчулук тоолуу өлкөлөрдөгү абалдын начарлашына жол бербөө үчүн парник газдарынын эмиссиясын азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн күч-аракеттерди жумшай алат. Аялуу тоо экосистемаларынын шарттарында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялашуу чаралары жана жапайы жаратылышты сактоо өз ара байланыштуу болуп саналат жана жергиликтүү калктын бакубаттуулугу жана жашоо-тиричилиги үчүн негиз болуп кызмат кылат;
- тоолуу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун негиздери үчүн идеяларды генерациялоо, анын ичинде жалпы кызыкчылыктарды жана максаттарды аныктоо, биргелешип иштөөгө мүмкүн болгон тармактарды аныктоо, ошондой эле тоолуу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун ийгиликтүү мисалдарын изилдөө. Финансылык инструменттер тоолуу өлкөлөрдү туруктуу өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга колдоо көрсөтө алат. Илимий-техникалык мекемелер тоо экологиясы, технологияны өнүктүрүү жана башка тармактарда изилдөө жүргүзө алат;
- экономика, социалдык өнүктүрүү, экология, маданият, илим жана билим берүү чөйрөсүндө тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүү. Тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүүнүн негизги максаттарынын бири - экономикалык өнүгүү деңгээлин жана калктын жыргалчылыгын жогорулатуу. Ал үчүн инфраструктураны өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, тоолордун аялуу табиятын жана коргоо чараларын эске алуу менен туризмди жана айыл чарбасын өнүктүрүү зарыл. Калкты социалдык коргоону камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо жана билим берүүнү колдоо маанилүү, экологиялык таза технологияларды иштеп чыгуу, жаратылыш ресурстарынын абалына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, экотуризмди жана жашылдандырууну өнүктүрүү зарыл. Маданий мурастарды жана илимий потенциалды сактоо жана өнүктүрүү, илимий жана маданий иш-чараларды өткөрүү, ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштуулары менен маданий ишмерлеринин ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн шарттарды түзүү жана билим берүү жана жаштардын демилгелерин инвестициялоо зарыл.
4-глава. Артыкчылыктар
"Беш жылдыктын" артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат:
- тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү үчүн кызматташууну бекемдөөдө эл аралык уюмдар жана мамлекеттер менен туруктуу байланыштарды түзүү;
- финансылык жана техникалык колдоо көрсөтүү үчүн эл аралык уюмдар жана мамлекеттер менен туруктуу байланыштарды күчөтүү;
- калктын жашоо сапатын жана айлана-чөйрөнү жакшыртуу;
- аялуу жана уникалдуу тоо экосистемаларын жана түрлөрүн сактоо;
- тоолуу региондордо табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу.
5-глава. "Беш жылдыктын" негизги иш-чаралары
1. Кыргыз Республикасында жогорку деңгээлдеги сегментти өткөрүү.
"Бишкек+25" өткөрүүнүн алкагында 2027-жылы үч эл аралык иш-чараны өткөрүү пландалууда: Экономикалык форум, Тоолуу өлкөлөрдүн конференциясы (мындан ары - Конференция) жана "Бишкек+25" саммити (мындан ары - Саммит). Экономикалык форум менен Конференцияны академиялык чөйрөлөрдүн катышуусу менен министрлер деңгээлинде, ал эми Саммитти мамлекет же өкмөт башчыларынын деңгээлинде өткөрүү сунушталууда.
Аларды өткөрүүнүн даталары катары төмөнкү мөөнөттөр сунушталат:
- Экономикалык форум жана Конференция - 2027-жылдын 6-декабрынан тартып 10-декабрына чейинки жума;
- Саммит - 2027-жылдын 11-декабры.
Экономикалык форумдун жүрүшүндө төмөнкүдөй конкреттүү жыйынтыктарга жетишүү зарыл:
- тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүү;
- тоолуу региондор үчүн долбоорлонгон инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу;
- жашыл демилгелерди ж.б. ишке ашыруу үчүн тышкы карызды алмашуу боюнча долбоорлорго чыгуу.
Конференциянын жыйынтыгы боюнча бир катар конкреттүү жыйынтыктарга жетишүү сунушталууда. Конференциянын катышуучулары "Бишкек+25" жыйынтыктоочу документине киргизүү үчүн көйгөйлүү маселелерди илимий чечүүнү калыптандыруусу зарыл. Башкача айтканда, бул блок өзүнө илим, маданият жана билим берүү симпозиумунун алкагында түзүлгөн жана Конференция тарабынан жактырылган демилгелерди камтууга тийиш.
Саммиттин жүрүшүндө катышуучу мамлекет/өкмөт башчыларын тоолуу региондордун көйгөйлөрүн биргелешин чечүүгө өз өлкөлөрүнүн милдеттенмелери жөнүндө билдирүүлөр менен чыгуу сунушталат.
Саммиттин маанилүүлүгүн жогорулатуу үчүн ага БУУнун жана башка уюмдардын жогорку өкүлдөрүн чакыруу сунушталат.
Иш-чара жыйынтыктоочу документти - "Бишкек декларациясын" кабыл алуу менен аякташы керек.
Кыргыз Республикасында өткөрүлүүчү иш-чаралардын чыгымдарынын негизги бөлүгү республикалык бюджеттин эсебинен жабылат. Ошол эле учурда кыргыз тарап кошумча финансылык колдоо көрсөтүү үчүн эл аралык уюмдарга жана донорлорго кайрылат.
2. "Тоолуу региондордун инфраструктурасы үчүн технологиялардын көргөзмөсүн" өткөрүү.
Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобуна катышуучу мамлекеттердин "Беш жылдыктын" иш-чараларынын бир бөлүгүн өткөрүү маанилүү болуп көрүнүүдө. Ушуга байланыштуу швейцариялык, австриялык, канадалык, норвегиялык же лихтенштейндик тараптарга бул көргөзмөнү өз аймактарында уюштуруу сунушу менен кайрылуу максатка ылайыктуу көрүнөт. Аны жүргүзүү мөөнөттөрү катары 2023-2027-жылдардын ортосундагы мезгил сунушталууда.
Бул көргөзмө "Беш жылдык" жогорку деңгээлдеги сегменттин алкагында экономикалык форумду өткөрүү үчүн база катары колдонулушу мүмкүн. Көргөзмө тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобуна катышуучу өлкөлөрдүн бизнесмендерине өз ара пайдалуу инфраструктуралык долбоорлорду табууга мүмкүндүк берет. Бизнес форумдун жүрүшүндө тиешелүү макулдашууга кол коюу пландалууда.
3. Илим, маданият жана билим берүүнүн симпозиумун өткөрүү.
Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун "Беш жылдыкты" ишке ашырууга кеңири тартуу максатында Азербайжан, Түркия, Андорра, Греция, Франция же Грузия тараптарга, ошондой эле ЮНЕСКОго бул симпозиумду өзүнүн аймагында уюштуруу сунушу менен кайрылуу максатка ылайык. Ачы өткөрүү мөөнөтү катары 2023-2027-жылдар аралыгы сунушталат.
Бул симпозиум Конференцияга салым кошууга максатталган, ал "Беш жылдык" жогорку деңгээлдеги сегменттин алкагында өткөрүлөт.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында Глобалдык тоо университетин түзүү перспективасы менен тоолуу коомчулуктардын жашоосун биргелешип изилдөө үчүн лабораториялары бар улуттук академиялык институттардын тармагын түзүү максатка ылайыктуу.
Кыргыз Республикасынын демилгелерин жана иш-чараларын даярдоо жана координациялоо, ошондой эле эл аралык уюмдар жана процесстер менен өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында "2023-2027-жылдары тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын" ишке ашыруу боюнча Жол картасы иштелип чыккан, ал глобалдык, региондук жана улуттук деңгээлдеги иш-чараларды, анын ичинде туруктуу өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча учурдагы жана келечектүү долбоорлордун алкагында камтыйт. Жол картасы тоо күн тартибинин ар тараптуулугун жана динамикалуулугун эске алып, ийкемдүү жана жаңылоого ачык документ болуп саналат.
6-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр
- БУУнун 2022-жылдын 14-декабрындагы 77/172 "Тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү" резолюциясы кабыл алынып, анда 2023-2027-жылдар "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер" деп жарыяланган;
- 2023-жылдын декабрында боло турган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын алкагында жолугушууда (СОР 28) тоо маселелерин негизги күн тартибине киргизген;
- Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттердин глобалдык планын иштеп чыгуу жана анын аткарылышын координациялоо үчүн эл аралык консультациялык-кеңешүүчү орган (Task Force) уюштурулган;
- БУУнун колдоосунда Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча Иш- аракеттердин глобалдык планы иштелип чыкты;
- ушул жылы "БУУга караштуу Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобунун" (Нью-Йорк шаары) катарына Түркмөнстан жана Япония кирди, бул глобалдык тоо демилгелерин ишке ашырууга алардын катышуусуна чет өлкөлөрдүн кызыгуусун көрсөтөт;
- Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы (Рим шаары) менен туруктуу кызматташтык түзүлдү. Учурда мүчөлөрдүн саны 500дөн ашат (улуттук өкмөттөр, эл аралык уюмдар да, коммерциялык эмес уюмдар да кирет), ал өсүү тенденциясына ээ;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлүнүн кызмат орду бекитилди.
7-глава. Концепцияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Концепцияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчетторду берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Бул Концепциянын максаттарынан жана милдеттеринен мүмкүн болгон четтөөлөрдү алдын ала болтурбоого, ошондой эле Жол картасына зарыл болгон түзөтүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет.