НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2021-жылдын 8-октябры № 04-03
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында калкты таза суу менен камсыздоонун абалы жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында калкты таза суу менен камсыздоонун абалы боюнча айылдык кеңештин депутаттары тарабынан талкууга алынып, Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Калкты таза суу менен камсыздоонун абалы жөнүндө «Барака таза суу» ИСКАКБ сынын алып барып жаткан иштерини канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында калкты таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында айылдардын таза суу боюнча бирикмелери бир ИСКАКБга бириктирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет комиссияна жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |