НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2021-жылдын 8-октябры № 04-09
Нурабад айыл аймагындагы билим берүү мекемесинин жетекчиси Аброрбек Юсуповдун арызы жөнүндө
Айыл аймагындагы З.Розахунова атындагы орто мектебини спорт залын ремонтоого бөлүнгөн акча каражатынын багытын спорт залына инвентар сатып алууга деп өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Айыл аймагындагы З.Розахунова атындагы орто мектебини спорт залын ремонтоого бөлүнгөн акча каражатынын багытын спорт залына инвентар сатып алууга деп өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |