Редакцияот 08.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

2021-жылдын 8-октябры № 04-11

Нурабад айыл өкмөтүнүн Лангар айылынын тургуну Тожидинова Малохатхондын арызы жөнүндө

Лангар айылынын тургуну Тожидинова Малохатхондын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан мурдагы талаа шыйпанын ашканасы менен жана ага караштуу 0,21 га жер короо жер тилкеси менен мүлк үлүшү катары менчигине алгандыгын белгилеп, 2006-жылы 0,06 га жер тилкесине турак жай куруу үчүн чечим берилгендигин,калган 0,15га жер тилкесине турак жай курууга багытын өзгөртүп берүү боюнча сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

 

1. Лангар айылынын тургуну Тожидинова Малохатхондын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан мурдагы талаа шыйпанын ашканасы менен жана ага караштуу 0,21 га жер короо жер тилкесинин калган 0,15га жер тилкесине турак жай курууга кээ бир документтерди жетишсиздигинен толуктап келиши сунушталсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Юсупов