Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-сентябры № 104-28
ГЭС-3 конушундагы ФАПтын бөлмөлөрүн оңдоп-түзөө жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин ГЭС-3 конушундагы ФАПтын бөлмөлөрүн оңдоп-түзөөнү кошумча каржылоо жана 2022-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планына өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34, 37-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Жергиликтүү бюджеттен 201 852 (эки жүз бир миң сегиз жүз элүү эки) сом өлчөмүндөгү акча каражатын сметага ылайык бөлүү жактырылсын.
2. 2022-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү планына өзгөртүү, толуктоо киргизилсин.
3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |