НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2021-жылдын 8-октябры № 04-12
Кайрагач-Арык айылынын тургуну Тургунова Назокатхон Нематовнанын арызы жөнүндө
Кайрагач-Арык айылынын тургуну Тургунова Назокатхон Нематовна өзүнүн менчигине таандык Кайрагач-Арык айылынын борборунда жайгашкан комерциялык дүкөнүн аянты 335,5 чарчы метр , балдар бакчасына айлантып жаткандыгына байланыштуу «Перепрофилирование» кылууга уруксат берүү боюнча айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Кайрагач-Арык айылынын тургуну Тургунова Назокатхон Нематовнага өзүнүн менчигине таандык Кайрагач-Арык айылынын борборунда жайгашкан комерциялык дүкөнүн аянты 335,5 чарчы метр , балдар бакчасына айландырып жаткандыгына байланыштуу «Перепрофилирование» кылууга макулдук берилсин.
2. Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башкы планын негизинде Кайрагач-Арык айылынын тургуну Н.Тургуновага өзүнүн менчигине таандык Кайрагач-Арык айылынын борборунда жайгашкан комерциялык дүкөнүн аянты 335,5 чарчы метр , балдар бакчасына айландырып жаткандыгына байланыштуу «Перепрофилирование» кылууга уруксат берүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Юсупов |