Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 23-сентябры № 107-28
“Куликовский” кондитердик үйү” ЖЧКсынын кайрылуусу боюнча
“Куликовский” КҮ ЖЧКсынын башкы директору Д.В.Гайворонскийдин канализациялык тармакты пайдалануу үчүн тарифти төмөндөтүүнү карап чыгуу жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 37-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Куликовский” КҮ ЖЧКсына канализациялык тармакты пайдалануу үчүн суу өлчөгүчкө ылайык 1 м куб – 30 сомдон төлөм жактырылсын.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |