Редакцияот 23.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПРИГОРОД АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 20-кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 23-январындагы № 42

 

“Ар кандай максаттар үчүн жер тилкелерин ижара укугун берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө”

Пригород айыл аймагынын муиципалдык менчиктеги жерлеринен юридикалык жана жеке жактарга жер тилкелерин Бодо мал менен майда малды сатуу, сактоо жана союу пунктары (касап жайлар, тери иштетүүчү заводдор, мал базарлар, бодо мал менен майда малдын терисин жана жүнүн сактоочу кампалар) үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү боюнча Пригород айылынын тургундарынын бир нече жолу кайрылууларын эске алуу менен, ошондой эле Пригород айылынын санитардык абалын жакшыртуунун зарылдыгына байланыштуу, Пригород айыл кеңеши

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Төмөнкүгө 5-жыл (2028-жылдын 23-январына чейин) мараторий белгиленсин:

- Жер тилкелерин Бодо мал менен майда малды сатуу, сактоо жана союу пунктарын долбоорлоо жана куруу (касап жайлар, тери иштетүүчү заводдор, мал базарлар, бодо мал менен майда малдын терисин жана жүнүн сактоочу кампалар) үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга укуктарды берүүгө уруксаат берилбесин.

2. Өз алдынча бирдикке бөлүүгө жана кийинки жогорудагы пункттар үчүн ижарага коюлууга жаткан жаңы муниципалдык жер тилкелерин түзүү жана берүүгө беш жылдык мараторий белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К. Шеримбековго жана Пригород айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Пригород айыл

кеңешинин төрагасы

 

 

Т.Омурзаков