Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПРИГОРОД АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 21-кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 28-апрели № 53

 

“Пригород айыл аймагынын Уставдар тизмесин бекитүү жана макулдашуу жөнүндө”

Пригород айыл аймагындагы зарыл болгон уставдарды бекитүү жана макулдашуу, колдонуудагы уставдардын мөөнөтүн узартуу боюнча Пригород айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Шакир уулу Р. маалыматын угуп, Пригород айыл кеңеши

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. “Пригород айыл аймагынын көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти камсыз кылуу эрежелери” бекитилсин (№1 тиркеме).

2. “Пригород айыл аймагында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоо эрежелери” бекитилсин (№2 тиркеме).

3. “Пригород айыл аймагынын тышкы жарнамаларды жайгаштыруу эрежелери” бекитилсин (№3 тиркеме).

4. “Пригород айыл өкмөтүнүн Уставы” бекитилсин (№4 тиркеме).

5. “Пригород айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы” бекитилсин (№5 тиркеме).

6. Бул токтом юстиция башкармалыгында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Пригород айыл кеңешинин депутаттар төрагасынын орун басары А.Садкинага жүктөлсүн.

 

 

Пригород айыл

кеңешинин төрагасы

 

 

Т.Омурзаков