Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 23-сентябры № 108-28
“Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттык фонду жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу
“Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттык фонду жөнүндө” жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттык фонду жөнүндө” жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2022-жылдын 23-сентябрындагы
№ 108-28 токтому менен бекитилди
Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттык фонду жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттык фондунан (мындан ары - депутаттык фонд) каражаттарды бөлүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо Аламүдүн айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруу максатында иштелип чыкты жана шайлоочулардын кайрылууларын, демилгелерин жана сунуш-талаптарын карап чыгууга багытталган.
3. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
депутаттык фонд – социалдык маанидеги иш-чараларга күтүлбөгөн жана шашылыш чыгымдарды жабуу боюнча Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын демилгелерин аткарууга багытталган Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттары.
П. Депутаттык фондду түзүү тартиби
- депутаттык фонд айылдык кеңештин сессиясынын чечими боюнча айыл өкмөтүнүн жалпы кирешесинен түзүлөт.
Ш. Депутаттык фонддон акча каражатын бөлүү тартибин
4. Депутаттык фонддон каражат алуучулар болуп төмөнкүлөр саналат:
- Аламүдүн айыл аймагында каттоого турган жери боюнча жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
- Аламүдүн айыл аймагында белгиленген тартипте каттоого турган жана өз ишин жүргүзгөн юридикалык жактар.
5. Депутаттык фонд депутаттардын сунуштамасы боюнча материалдык жана финансылык жардам түрүндө социалдык маанидеги иш-чараларга, анын ичинде төмөндөгү максаттарга пайдаланылат:
- турмуштук оор кырдаалга тушуккан калктын социалдык-аярлуу жана өтө муктаж катмарларына, ошондой эле үч эм жана андан көп балдар төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку жардам көрсөтүүгө;
- Улуу Ата Мекендик согуштун жана башка локалдык окуялардын ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, пенсионерлерге, Аламүдүн айылдык кеңешинин мурунку депутаттарына бир жолку жардам көрсөтүүгө;
- табигый кырсыктардан жана өзгөчө кырдаалдардан жапа чеккендерге жардам көрсөтүү боюнча маселелерди ыкчам чечүүгө;
- расмий даталарга арналган иш-чараларды өткөрүүгө;
- спорттук жана ар түрдүү маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө.
6. Депутаттык фонддун каражаттары кечиктирилгис каржылоону талап кылган, олуттуу социалдык жана маданий-массалык мааниге ээ болгон башка максаттар үчүн да пайдаланылышы мүмкүн.
7. Депутаттык фонддон акча каражатын бөлүүнүн демилгечиси болуп Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаты саналат. Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаты жыл сайын депутаттык фонддон 100 000 сомдун чегинде акча каражатын бөлүү жөнүндө демилге менен кайрыла алат.
8. Акча каражаттары айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен таризделет.
IV. Каражаттарды пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик, депутаттык фонддун каражаттары боюнча отчётту түзүүнүн жана берүүнүн тартиби
9. Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаты өзүнүн сунуштамасы боюнча депутаттык фонддун каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу бөлүнүшү үчүн жоопкерчилик тартат.