Редакцияот 18.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПРИГОРОД АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 22-кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 18-майы № 57

 

“Маркумду көрүстөнгө коюу үчүн тарифти жогорулатуу жөнүндө”

Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Шеримбековдун маркумдарды мусульман жана христиан көрүстөндөрүнө коюу тарифтерин жогорлатуу тууралуу сунушун угуп, талкуулап, пикир менен алмашып, Пригород айыл кеңеши

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Пригород айыл аймагына караштуу мусулман жана христиан көрүстөндөрүнө маркумдарды коюу тарифи Пригород айыл өкмөтүндө катталбаган жарандар үчүн 15000 (он беш миң) сом, катталгандар үчүн акысыз деп бекитилсин.

2. Пригород айыл аймагына караштуу мусулман жана христиан көрүстөндөрүнө 12 жашка чыга элек Кыргыз Республикасынын жараны болгон маркумдарды коюга акысыз уруксат берилсин.

3. Бул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Шеримбековго жүктөлсүн.

 

 

Пригород айыл

кеңешинин төрагасы

 

 

Т.Омурзаков