Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПРИГОРОД АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 30-кезексиз сессиясы

2024-жылдын 26-январындагы № 93

 

“Пригород айылдык аймагын Бишкек шаарынын курамына киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө”

“Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар” жөнүндөгү, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыктарын, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 15-январындагы № 8-т “Аламүдүн районунда айыл аймактарынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” тескемесин аткаруу максатында, Пригород айылдык кеңешинин 30-кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ кылды:

 

1. Пригород айылдык аймагын Бишкек шаарынын курамына киргизүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтом Пригород айыл өкмөтүнүн кулактандыруу тактасына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн.

3. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтомду ишке ашыруу сунушу берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы Шеримбеков Б.К. жүктөлсүн.

 

 

Пригород айыл

кеңешинин төрагасы

 

 

Т.Омурзаков