ПРИГОРОД АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 30-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 26-январындагы № 95
“Пригород айылдык аймагын Бишкек шаарынын курамына кирүүдө муниципалдык техникаларды өткөзүп берүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 350“Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар” жөнүндөгү, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыктарын, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 15-январындагы №8-т “Аламүдүн районунда айыл аймактарынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” тескемесин аткаруу максатында, Пригород айылдык кеңешинин 30-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Муниципалдык техникаларды айыл өкмөтүнүн балансынан Бишкек шаарына өткөндөн кийин, ошондой эле Бишкек шаарынын техникалары элге кызмат кыла баштагандан кийин таштанды чыгаруучу машина маркасы МАН жана СРВ кызматтык машинасы (служебный авто унаа) Таш-Төбө айыл өкмөтүнө өткөзүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тез жардам берүүчү медициналык техника (скорая помощь) Ала-Арча айыл өкмөтүнө өткөзүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтомду ишке ашыруу сунушу берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы Шеримбеков Б.К. жүктөлсүн.
Пригород айыл кеңешинин төрагасы |
|
Т.Омурзаков |