ПРИГОРОД АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 30-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 26-январындагы № 97
“Көчөлөрдүн аталышын өзгөртүү боюнча”
Пригород айылынын тургундары Гайыпов Бектур жана Рыспаев Бектурдун арыздарын карап чыгып жана Пригород айыл өкмөтү Шеримбеков Б.К. Новая көчөсү менен Строительная көчөсүнүн атын өзгөртүү боюнча сунушун эске алуу менен, Пригород айыл кеңеши талкуулап
ТОКТОМ кылат.
1. Новая көчөсү Абдыпатта Гайыпов көчөсү деп аталсын.
2. Строительная көчөсү Курманияз Рыспаев көчөсү деп аталсын.
3. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтомду ишке ашыруу боюнча Пригород айыл өкмөтү тарабынан сунушу келтирилсин.
4. Бул токтом тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы Шеримбеков Б.К. жүктөлсүн.
Пригород айыл кеңешинин төрагасы |
|
Т.Омурзаков |