Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 6-октябры № 115-28
2022-жыл үчүн кирешелер планын ашыра аткарылышы жөнүндө
2022-жыл үчүн атайын эсеп боюнча салыктардын төмөнкү түрлөрү боюнча:
14232400 – мектепке чейинки мекемелер тарабынан кошумча кызматтарды көрсөтүү үчүн төлөм – 1500,0 миң сом;
Баары: 1500,0 миң сом
кошумча киреше түшкөндүгү жөнүндө маселени карап чыгып жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн планын ашыра аткаруунун эсебинен түшкөн акча каражаты бөлүнсүн жана 2022-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү аркылуу төмөнкү бөлүктөр жана беренелер боюнча чыгашалар сметасы ачылсын:
70911-балдар бакчасы бөлүгүнө:
2218-б. – Тамак-аш сатып алуу -1500,0 миң сом.
Жалпы баары:- 1500,0 миң сом.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |