Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 16-майы №19
“Жалгыз-Жангак айылындагы “Бал Бала 1” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча бир тайпа ачуу жөнундө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы,
Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында жайгашкан “Бал Бала 1” атындагы бала-бакчасына кошумча бир тайпа ачуу боюнча Көк-Арт айыл өкмөтүнун башчысы О.Анаркуловдун 16.04.2024-жылдагы кириш №3 кайрылуусун айылдык кеңештин кезектеги IV-сессиясында карап чыгып, талкуулап, Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жангак айылында жайгашкан “Бал Бала 1” атындагы бала-бакчага кошумча бир тайпа ачууга макулдук берилсин;
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловго жана бала-бакча жетекчиси У. Сурановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : | А.А. Энназаров |