Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2022-жылдын 24-январы № 06-04

Нурабад айыл өкмөтүнүн айыл аймагында жашаган жашоочуларга жеке тартипте турак жай курууга жер тилкелерин берүү жөнүндө

Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан 2022-жылдын 21-январындагы чыгуу № 28 сандуу катында көрсөтүлгөн Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жашоочуларга жеке тартипте турак жай курууга жер тилкелерин өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

 

1. Нурабад айыл өкмөтүнүн айыл аймагында жашаган жашоочуларга жеке тартипте турак жай курууга Какыр-Пилтан,Кайрагач-Арык жана Лангар айылдарынын аймагында жайгашкан жерлерден 0,05 га жер тилкеси берилсин.

 

2.Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Кең-Сай массивинен, Көк-Сарай, Кескен Таш жана башка участкаларынан жеке тартипте турак жай курууга 0,06 га жер тилкеси берилсин.

 

3.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Юсупов