Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 6-декабры № 116-28
Аламүдүн айыл аймагында мүлккө салык киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып Аламүдүн айыл аймагында мүлккө салык киргизилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |