Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-декабры № 117-28
Башчынын отчёту
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин “Аламүдүн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча” 2022-жыл үчүн аткарылган иштери жөнүндө отчётун угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын “Аламүдүн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча” 2022-жыл үчүн аткарылган иштери жөнүндө отчёту тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |