Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады Айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
2024-жылдын 04-сентябры № 213
“Социализм айылынын аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери категориясына которууга сунушталып жаткан жалпы 50,16 га жер аянтына түзүлгөн эскиздик башкы планды бекитүү жөнүндө”
Социализм айылынын аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери категориясына которууга сунушталып жаткан жалпы 50,16 га жер аянтына түзүлгөн эскиздик башкы планды бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Сидиковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Социализм айылынын аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери категориясына которууга сунушталып жаткан №1004 контурунда жайгашкан 34,08 га, №1007 контурунда жайгашкан 13,0 га, №994 контурунда жайгашкан 2,90 га, №1006 контурунда жайгашкан 0,10 га, №1003 контурунда жайгашкан 0,14 га, жалпы 50,16 га жер аянтына түзүлгөн эскиздик башкы планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешитин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Каримовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |