ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Ийри-Суу айылдык Кеңешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 22-февралы № 2
Бириккен Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 22-февралындагы №2 протоколу бекитилсин.
2. Ийри-Суу Чаңгет бириккен Ийри-Суу айыл аймагынын Ийри-Суу айылдык кеңешинин Пусурманкулов Бакытбек шайланган төрагасынын орун басары деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Кыргызбаев А. К |