Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2022-жылдын 24-январы № 06-10
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл өкмөтүнүн балансында турган трансформаторлорду Араван райондук электр тармактары балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан 2022-жылдын 20-январындагы чыгуу № 24 сандуу катында көрсөтүлгөн Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл өкмөтүнүн балансында турган трансформаторлорду Араван райондук электр тармактары балансына өткөрүп берүү жөнүндө сунушу айылдык кеңшинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл өкмөтүнүн балансындагы төмөнкү:
1) Кайрагач-Арык айылы З.Розахунова атындагы орто мектебинин аймагында жайгашкан стадиондогу 100 кВа
2) Кайрагач-Арык айылы З.Розахунова атындагы орто мектебинин аймагында жайгашкан 250 кВа
3) Какыр-Пилтан айылында жайгашкан Ферма-2 Ленин 400 кВа
4) Какыр-Пилтан айылы А.Темур атындагы орто мектебинде жайгашкан 160 кВа
5) Лангар айылында жайгашкан дюкердеги 100 кВа
6) Лангар айылы Торобай Ата көчөсүндө жайгашкан 160 кВа
7) Кайрагач-Арык айылы Х.Исмаилов көчөсүндө жайгашкан 100 кВа
8) Кайрагач-Арык айылы К.Киргизбаев көчөсүндө жайгашкан 250 кВа трансформаторлорду Араван райондук электр тармактары балансына өткөрүп берүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.
2. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл өкмөтүнүн балансында болгон трансформаторлорду Араван райондук электр тармактары балансына өткөрүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана ФЭБ башчысына КРнын мыйзамдарынын талаптарына ылайыктуу иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарылышыны көзөмөлдөө бюджет жана мыйзамдуулук комиссияларына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |