Редакцияот 03.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 3-октябры № 2410-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын четке кагуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

 

Н.Т. Шакиев