НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2022-жылдын 24-январы № 06-13
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан бардык айылдарда тротуар курууга тоскол болгон жол боюндагы бак дарактарды тазалоо жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин Араван Тепе-Коргон жолунда Какыр-Пилтан айылынын Х.Мундизов көчөсүнүн боюна жөө жүргүнчүлөр жүрүү үчүн тротуар куруу үчүн жана айыл чарбага багыталган жерлерди сугат суу менен камсыздоо үчүн тоскол болгон жол боюндагы ,ички арыктардагы бак дарактарды тазалоо, кыюу боюнча сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан бардык айылдарда тротуар курууга тоскол болгон жол бкуоюндагы бак дарактарды тазалоо,кыюуга макулдук берилсин.
2. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык айылдарда айыл чарба багытындагы жерлерди сугат суу менен камсыздоо үчүн тоскол болгон арыктардын боюндагы бак дарактарды тазалоого ,кыюуга уруксат берилсин.
3. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык айылдарга тротуар курууга жана айыл чарба багытындагы жерлерди сугат суу менен камсыздоо үчүн тоскол болгон жол боюндагы ,арыктардын боюндагы бак дарактарды тазалоо,кыюу боюнча айыл өкмөтүнүн жетекчилигине КРнын мыйзамдарынын талаптарына ылайыктуу иш алып баруусу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду аткарылышыны көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |