Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 20-апрели № 07-04
Нурабад айыл өкмөүнүн аймагындагы СПАнын балансында болгон арыктарды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү боюнча СПАнын 2022-жылдын 01-февралындагы жалпы чогулушунун № 1-протоколунун токтомун бекитип берүү жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы СПАнын балансында болгон арыктарды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү боюнча СПАнын 2022-жылдын
01-февралындагы жалпы чогулушунун № 1-протоколунун токтомун бекитип берүү жөнүндө сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып,Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы СПАнын балансында болгон арыктарды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү боюнча СПАнын 2022-жылдын 01-февралындагы жалпы чогулушунун № 1-протоколунун токтому бекитип берилсин.
2. Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилигине балансына өткөрүлгөн арыктарды чаап тазалоого көмөк көрсөтүү сунушталсын.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер комиссиясына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |