Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 20-апрели № 07-06
“Жасмина” (Жоопкерчилиги чектелген коом ) ЖЧК жетекчиси Мусаев Абдувайиттин арызы жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилиги №5 ҮДТнун аймагында жайгашкан имараттын бир бөлмөсүн (Жоопкерчилиги чектелген коом )ЖЧК “Жасмина” даарыканасынын жетекчиси А. Мусаев келишим негизинде иштетип келип жаткандыгын билдирген.Ошол имараттын бир бөлмөсүнө кайрадан келишим түзүп иштетүү үчүн ижара акысын белгилеп берүү боюнча сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнө караштуу №5 ҮДТнун аймагында жайгашкан ижара мөөнөтү аяктаган имараттын (Жоопкерчилиги чектелген коом )ЖЧК “Жасмина” даарыканасынын жетекчиси А.Мусаев иштетип келген бир бөлмөсүн аукцион аркылуу баштапкы баасы беш миң сом болуп белгиленген тартипте ижарага берилсин.
2. Нурабад айыл өкмөтүнө караштуу №5 ҮДТнун аймагында жайгашкан ижара мөөнөтү аяктаган имараттын бир бөлмөсүн аукцион аркылуу ижарага берүү айыл өкмөтүнүн жетекечилигине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер комиссиясына, мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |