Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 20-апрели № 07-07
Лангар айылынын тургуну Шамшидинов Отабек Учкунбекович арызы жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилиги Лангар айылынын тургуну Шамшидинов Отабек Учкунбекович арыз жазып ,Какыр-Пилтан айылында жайгашкан өзүнүн жеке менчигинде 252 чарчы метр коммерциялык максаттагы жерини багытын турак жай багытына өзгөртүп берүүнү суранганын билдирген. Жогорудагы маселе боюнча мыйзам чегинде карап берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы Лангар айылынын тургуну Шамшидинов Отабек Учкунбекович арызы канааттандырылып ,Какыр-Пилтан айылында жайгашкан өзүнүн жеке менчигинде 252 чарчы метр коммерциялык максаттагы жерини багытын өзгөртүү жолу менен (перепрофилирование) турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин .
2. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы Лангар айылынын тургуну Шамшидинов Отабек Учкунбековичке Какыр-Пилтан айылында жайгашкан өзүнүн жеке менчигинде 252 чарчы метр коммерциялык максаттагы жерини багытын турак жай багытына өзгөртүү боюнча айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселери жана мыйзамдууук боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |